Бул ишке Россия, Япония, Кытай жана Түштүк Корея катышышы керек, деп билдирди Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш. Аталган өлкөлөр, Буштун сөздөрүнө ылайык, Кошмо Штаттары менен бирге Ким Чэн Ирди атомдук арсеналдарын өркүндөтүү биринчи кезекте түндүк корейлердин улуттук кызыкчылыктарына зыян келтире тургандыгына ынандырууга тийиш Буш. Пхеньян болсо эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү гана жактаган талабын кайрадан бышыктады. Түштүк Кореянын коргоо министрлиги Пхеньян жетекчилигин сабырдуулукка жана жоопкерчиликке чакырды.
Түндүк Кореянын атомдук программасына байланышкан кризис көп тараптуу сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши мүмкүн