Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Ысыккөл облусунун Түп районундагы айрым айдоо аянттарын суу каптоодо


КАРАКОЛ. Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Шүкүрбек Сыдыковдун айтымында, бул айыл өкмөтүнө тиешелүү 200 гектарга жакын айдоо аянтын суу каптап, ал жерди иштетүүгө эч мүмкүн болбой калды. Айдоо аянттарынын жараксыз боло баштагандыгынын негизги себеби - суу каналдары керектен чыккан. «Аны оңдотконго каражат бөлүнбөйт. 50-70 сотых гана жер үлүшү бар айыл тургундарынын жашоо-тиричилигин оордоткон мындай жагымсыз абалдан жакын арада чыгыш мүмкүн эмес»,- дейт Шүкүрбек Сыдыков. Талдысуу айлынын эли да жер алдынан чыккан суу алардын үйлөрүн керектен чыгара баштаганын бир жылдан бери айтып келе жатышат.

XS
SM
MD
LG