Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Эл өкүлдөр жыйыны ири чарбалардын продукциясын сатууга кошумча нарк салыгын киргизүүнү колдоду


БИШКЕК. 12-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны ири айыл чарба субьектилеринин товарларына кошумча нарк салыгын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Добуш берүүдө Салык кодексине мындай өзгөртүү киргизүүгө 41 депутаттын 23 макул деп, 17си каршы болду. Ири айыл чарба субьектилеринин продукциясына кошумча нарк салыгы эл аралык финансы уюмдары менен жетишилген макулдашууларга ылайык киргизилип жатат. Бул тууралуу сессияда финансы министринин орун басары Мурат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, эгерде бул салык киргизилбесе Кыргызстандын тышкы карызын жоюу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурайт. Өкмөт бул салык аркылуу өлкөдөгү 156 ири чарбадан 250 млн. сом кошумча нарк салыгын жыйноону көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG