НАРЫН. Деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийик жайгашкан аймактарда жана ашууларда өзгөчө оор абал түзүлдү. Айрым жерлерде кардын калыңдыгы бир метрден ашкандыктан, автоунаа дээрлик каттабай калды. Жолду оңдоп-тазалай турган техниканын жетишсиздигине байланыштуу облус жетекчилиги ири ишканаларды карды тазалоо иштерине пайдалана баштады. Метеорологдордун божомолу боюнча кар дагы 2 күн жаашы мүмкүн. Калың кардын кесепеттери тууралуу так маалыматтар айтыла элек.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов