Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:34

Бириккен Улуттардын Арменияга көрсөткөн жардамы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн


Италиянын Рим шаарында жайгашкан Бириккен Улуттардын Азык-түлүк корунун айтымында, анын Арменияга көрсөтүп жаткан жардамы жакында үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 2001-жылы Кор Арменияга тамак-аш жагынан жардам көрсөтүү боюнча үч жылдык программа баштаган, бирок ага бөлүнө турган 32 миллион доллардын азырынча 10 гана миллионун алган. Кор жетекчилигинин айтымында, Армениянын 300 миңге жакын тургуну азыр эл аралык жардам менен гана жашайт жана жардам токтосо, алар ачкачылыкка кабылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG