Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

НООРУЗ МАЙРАМЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ЖОЛ-ЖОБОСУ


Аманбек Дилдеңбай, Бишкек Жакында белгилене турган Нооруз майрамынын тарыхы, жол-жобосу, сүмөлөк жасап, көжө бышыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу.

Нооруз - аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Бекеринен «Ноу» - жаңы, «руз»- күн - деп айтылбаса керек.

Нооруздун тарыхы зороастризм динин негиздөөчү Зардушт пайгамбар менен байланыштуу. Биздин заманга чейинки 2 миңинчи жылдары Борбордук Азиядан Волга дарыясына чейинки аймакта индоарийлер мекендеген. Алар - азыркы Ирандагы зороастрийлердин жана Индиядагы индоарий брахмандардын түпкү теги. Биздин заманга чейинки 549-325-жылдары перстердин Ахеменид падышаларынын урук-тукуму бийлик жүргүзгөн кезде зороастризм дини кенен жайылып, зороастрий календары түзүлгөн. Бул динге ишенгендер сууга, отко, асманга, жерге табынышып, арбактарга сыйынышкан. Күн менен Түндүн теңелген мезгили катары 21нен 22-мартка караган түндү эсептеп, «жаңы күн, жаңы жыл келди» деп, жакшылыка үмүт кылып шаңдуу майрамдык каада-салттарды өткөрүшкөн.

Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окуп бата кылышат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат. Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири - сүмөлөк.

«Сүмөлөк бүгүн кайнаттык,
Бешене терим сүртөмүн,
Ыйманды бүгүн күтөмүн.
Бактыбыз бүгүн ачылсын,
Ырыс-кешик чачылсын», - деп бекеринен айтылбаса керек.

Сүмөлөктү даярдоонун эрежеси мындай.
Сүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат. Алгач 5 же 7 кг жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да бир күн сууга чыланат. Эртеси көбө түшкөн буудайды супуранын, тактайдын бетине жайыш керек. Өтө кургап кетпеш үчүн улам суу чачып, ал жылуу жерде кармалат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып, суу куюлат. Алгач бышыраарда уютулган буудай 5 кг болсо, казанга 10 кг акталган май куюлат. Майга жети токоч бышырып, аксакалдар куран окугандан кийин муздаган майдын 5 кг идишке куюп алынат. Даярдалып коюлган буудайдын ширелүү суусун дакиден өткөрүп сүзүп алып, казандын кулагынан бир карыштай кем кылып куюлат. Анан ага таза эленген ун салынып, бөлтөгү жоголгонго чейин чалынат. «Эртең жаңы жыл» деген күнү айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан үйгө чакырылат. Алар ун, мейиз, өрүк жана башка азыктардан ала келишип, майдалап-жанчып казанга салышат да, от жагып Кадыр Түн күтүп сүмөлөктү бышыра башташат. Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары, байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат. Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты - аны элге ооз тийгизип алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.

Ноорузда даярдалуучу сыйлуу даамдардын бири - көжө. Ал эми көжөнү даярдоонун эрежеси мындай.
Чоң көжөгө күрүч, нокот, түктөлгөн арпа, буудай, жүгөрү, ун-талкан, ар түрдүү акшак, акталган таруу, маш, сүр эт, жаш эт, ич май, сары май сыяктуу азыктарды эски жылдын кагынчыгы катары чоң казанга бөксөрөөк суу куюп алып, элден мурда эт, анан улам бирден даам салып отуруп, көпкө кайнатып бышырат. Ага пияз, сарымсак, тоонун татымал чөбүнөн кошуп, калемпир себилет. Чоң көжө ар түркүн азык кошулгандыктан даамдуу болот.

Кыргызстанда Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулат.

XS
SM
MD
LG