Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

АКШ баштаган коалициялык аскерлер Ирактын Насирия шаарын басып алышканын билдирип жатышат


Шаар Евфрат дарыясынан өтүүчү маанилүү пункт. Ирактын түштүк чыгыш чөлкөмүндөгү Басра шаарынын айланасында коалициялык аскерлер Ирактын аскерлерин курчоого алууга аракеттенип жатышат. Коалициялык аскерлер Багдадды кайрадан бомбалап чыгышты. Ирактын саламаттык сактоо министри Омед Медхад Мубарак шаарда үч жөнөкөй жаран курман болгонун, айрым госпиталдар бомбалоодо кыйрап калганын билдирет. Анын айтымында 200дөй киши жарат алды. Ал эми АКШнын аскердик булактары түштүк чөлкөмдө Ирактын 51-дивизиясы АКШга багынып бергендигин маалымдады. Ирак бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Аскерлер ошондой эле Ирактын үч аэродромун басып алышканын маалымдашат.

XS
SM
MD
LG