Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Нарын-Бишкек жолунда автобус кырсыкка учурап, 19 адам каза болду


БИШКЕК. Алтүндө Нарын облусунун Кочкор айлынан анча алыс эмес Сарыбулак аттуу жерде Кыргызстандан Кытайга адамдарды ташып бараткан автобус белгисиз бирөөлөр тарабынан өрттөлүп, ичиндеги 19 адам каза болгон. Алардын арасында үч аял бар. Мындай маалымат Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдон алынды. Ал эми күч органдарынын биринен алынган маалыматка караганда, кырсыкка учурагандардын үчөө - кытай, калганы уйгур улутундагы адамдар экендиги аныкталды. Учурда башында вице-премьер министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, кырсыктын эмне себептен болгондугун иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG