Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Ирактын маалымдоо министрилиги бутага алынды


Бүгүн таңга жуук Ирактын маалымдоо министрлиги жайгашкан Багдаддагы аймак ракетадан аткыланды.
Ракета чабуулунан кийин министрликке жакын жерде жайгашкан соода борборунда катуу өрт чыккан.
Биздин кабарчынын билдиришинче, АКШлык күчтөр түнү бою Кербала шаарынын жанындагы Ирактын Республикачылар гвардиясынын өңүттөрүн абадан жана артиллериялык куралдардан тынбай аткылашкан.
Кербала Багдаддан 80 чакырым түштүктөгү шаар.
Кечээ күнү, кабарчыбыздын маалымдашынча, Кербаланын жанында америкалык аскерлер менен Республикачыл гвардиясы ортосунда катуу салгылашуу болгон.
Ирактын түштүгүндөгү америкалык вертолет кыйроого учурап, үч адам набыт болуп, бир адам жараат алганын АКШлык аскерлердин Кувейттеги өкүлүнү маалымдады.
Вертолет кыйраганын Пентагон тастыктап, башка эч кандай кеңири маалымат бербеди.
Ассошиейтед пресс агенттигинин билдиришинче, вертолет Ирактын түштүгүндөгү америкалык аскерлерге жардам көрсөтүү тобунан болгон.
Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарына жакын жерде британиялык жоокер ок жаңылып курман болгонун Британиянын коргоо министрлиги кабарлады.
Муну менен согуш башталгандан берки 11 күндө британиялык күчтөр 24 аскерин жоготту.
Иракта жагдай өтө кооптуу болгондуктан жардам көрсөтүү агенттиктеринин Перс булуңунун боюндагы Умм Каср портунан тыш жактарга жана Ирактын ичкери бөлүктөрүнө баруусу өтө коркунучтуу болууда.
Бул жөнүндө АКШ өкмөттүнүн Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү тобунун башчысы Майкл Маркс билдирди. Маркстын айтымында, анын кызматкерлери уруш жүрүп жаткан аймакта жардам көрсөтүүгө машыкпаган жана аларда тийиштүү жабдуулары да жок.
Британиялык генерал Алберт Уитлей Ирактагы эң олуттуу проблема - суунун сапаты деп эсептейт.
Кувейтти Умм Каср шаары менен туташтарган куур дүйшөмбү күнү ишке берилгенден кийин Ирактын башка аймактарына күнүнө 600 000 галлон суу ташуу мүмкүн болот. 1 галлон 3,75 литрге барабар.

XS
SM
MD
LG