Америкалык аскердик өкүлдүн маалымдашынча, Кандагар провинциясында талибдердин тоо арасындагы базасы бомбаланды. Операциянын жүрүшүндө талибдер деп шектелген 8 киши өлтүрүлүп,15 киши туткунга түшүрүлдү. Ошондой эле бир топ каруу-жарак менен ок-дары олжолонду. Жаздын келиши менен талиб калдыктарынын аракеттери жандангандыгы байкалууда. Ошондой эле Ооганстандын атаандаш топторунун өз ара араздашуулары кайрадан козголуп жатканы маалымдалат.
Американын жана Ооганстандын аскерлери өлкөнүн түштүк батыш чөлкөмүндө ири аскердик операция жүргүзүштү