Эл аралык укук коргоо уюму тараткан билдирүү - Бириккен Улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын кызматкеринин Женевада жасаган Өзбекстандагы абал тууралуу докладына удаа жарыяланды. Өткөн декабрь айында Өзбекстанда болуп кайткан Улуттар Уюмунун өкүлү Тео Ван Бовен - бул өлкөдө адамдарды уруп-кыйноо кеңири колдонулуп, күч органдары аны системалаштырып алганын белгилеген. Расмий Ташкен айыптоолорду четке кагып, түрмөлөрдөгү кыйноого тиешеси бар бир нече офицерди жазалап, андай көрүнүштөргө каршы аракет көрүлүп жатканын айтат.