Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Өкмөттөр аралык жыйын Москвада өтөт


БИШКЕК. Апрель айынын ортосунда Москвада Кыргыз-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 6-отуруму болот. Анда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык маселелери талкууланат. Отурумга премьер-министр Николай Танаев башында турган делегация барары болжолдонууда. Отурумга даярдыктардын жүрүшү жума күнү кечинде премьер-министр өткөргөн жыйында каралды. Жыйын ошондой эле комиссиянын 5-отурумунун чечимдеринин аткарылышын талкуулады. 5-отурумда комиссия энергетика, суу чарба тармагындагы кызматташтык программаларынын аткарылышы боюнча протоколду, мамлекеттер аралык «КросАгромаш» өнөр-жай каржы тобун түзүү тууралуу макулдашууну кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG