Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны азайууда


БИШКЕК. Учурда Кыргызстан боюнча 2,5 миңдей бала мектепке барбайт. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде Билим жана маданият министрлигинин стратегияларды иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Лариса Мирошниченко билдирди. Анын айтымында 1996-жылы өлкө боюнча 8 миң бала окубай жүргөн. Мектепке барбай жүргөн балдардын саны министрликтин жана эл аралык уюмдардын аракети менен азайтылды. «Ал эми кыздар менен балдарга тең билим берүү маселеси Кыргызстанда чечилген, бирок билимдин сапатын арттыруу жана бардык балдардын мектепке барышын камсыздоо толук чечилбеген маселелер бойдон калууда», - деди Лариса Мирошниченко. 22-апрелде болсо өлкөдөгү жогорку окуу жайларын реформалоого арналган кеңешме өтөт. Ага президент А. Акаевдин катышуусу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG