Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Тель-Авивге барды.


Ал Израиль жана Палестинанын жетекчилери менен Жакынкы Чыгыш чатагын талкуулайт. Бүгүн Йошка Фишер Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон жана президенти Моше Катсав менен жолугат, мурдараак ал иш кеңсеси Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Израилдин юстиция министри менен баарлашуудан баш тарткан. Германия – 1967-жылы жөөт армиясы Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алгандан кийин Израилдин көз карандысыздыгын тааныбаарын жарыялаган болчу. Палестиндер дал ушул Чыгыш Иерусалимди өзүлөрүнүн болочок мамлекетинин башкалаасына айландырууну көксөшөт. Фишер шаршембиде Палестинанын лидери Ясир Арафат жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрөт.

XS
SM
MD
LG