Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Өзбекстан менен чектеш аймактардын чек ара посторунун орду аныкталды


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, Өзбекстан менен чектешкен аймактарда 7 застава менен 16 чек ара постун жайгаштыруу маселеси чечилди. Чек ара комендатурасы Ташкөмүр шаарындагы Шамалдысай шаарчасындагы техникалык лицейдин имаратына жайгашты. Ал жерге атайын даярдыктан өткөн 554 офицер менен жоокерлер келишти. Жети чек ара заставасынын төртөөнө имарат берилген, калганына жай караштырылууда. Облустун аймагына 16 пост жетишсиз. Ошондуктан аны көбөйтүү сунушу өкмөткө жиберилгенин губернатор Жусупбек Шарипов маалымдады. Өзбектстан өз тарабына 47 пост койгон.

XS
SM
MD
LG