Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстандын түрмөлөрү жардамга муктаж


БИШКЕК. Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан 18 миң айыпкердин 20% жакыны жыл сайын кургак учук, ич өткөк жана ич келте ооруларынан каза болушат. Азыр 2 миңге жакын айыпкер кургак учуктун ачык формасы менен ооруйт. Андан тышкары 185 айыпкер СПИД дартына чалдыкканы аныкталган. Мындай маалыматты бүгүн юстиция министринин сот-укук реформасы боюнча кеңешчиси Анвар Кадыров, жазалоочу мекемелер башкармасынын жооптуу кызматкери Виктор Старастенко жана «Аслан Альянс» бейөкмөт уюмунун директору Кристофер Истрати ачыкташты. Алардын маалыматына караганда, айыпкерлер 35 түрмөдө, 4 убактылуу кармоо абагында жана 18 көз салуу борборлорунда жашашат. Алар тамак-аш менен дары-дармектердин жетишсиздигинен жана жашоого зарыл буюмдардын тартыштыгынан жугуштуу ооруларга кабылышат. Жаза өтөө жайлары өткөн жылы Ички иштер министрлигинин карамагынан Юстиция министрлигине берилгенден бери ал жайлардагы абалды жакшыртууга көңүл бурулуп, аларды реформалоого ынтызар уюмдар менен кызматташууга шарт түзө турган долбоор даярдалууда.

XS
SM
MD
LG