Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана Кошмо Штаттарын Сирияга кысымын азайтууга чакырды. Анын айтымында, мындай кысым Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды ого бетер курчутуп жатат.
Кечээ АКШнын президенти Жорж Буш "Сирия Ирактын өкмөт өкүлдөрүнө баш калканч берип, химиялык курал жасап жаткан болушу мүмкүн" деген шектенүүсүн кайталаган.
Ал эми Британия Сириянын химиялык куралы бар экени күмөн экендигин белгилеп, тараптарды диалогго чакырды. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро мындай деди: Сирия Кошмо Штаттарын, Британияны жана эл аралык коомчулукту Ирак менен бардык кызматташуудан баш тартканына жана биз менен күжүрмөн иштешүүгө даяр экенине жакшылап ишендириши керек, бул өтө маанилүү.
Анын аралыгында, Британиянын Коргонуу катчысы Жефф Хун: "Багдадда чет элдик жанкечтилер каршылык көрсөтүп жаткан болушу мүмкүн", - деп эскертти. Хун жан кечтилер кайсы элден экенин тактаган жок.