Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ НЕГЕ НААРАЗЫ?


Кожогелди Култегин, Ош Ош шаарынын «Батыш» кичи районунун тургундары бир жумадан бери электр жарыксыз калгандыгына, суу менен газдын тез-тез токтотулганына нааразы болуп, 18-апрелде жолду тосууга чыгышты.

Нааразылык акциясына 400гө жакын адам катышты. Адегенде алар топтошкон бойдон барышып «Батыш» кичи районунун жанындагы 4 көчөнү, Ош – Араван автожолун, ага кесилишкен Бекмамат Осмонов көчөсүн тосушуп, автожүрүшкө тоскоол кылышты. Милиция кызматкерлеринин жана айрым үгүтчү адамдардын жардамы менен нааразыланган топ кабат үйлөрдүн арасындагы аянтчага чогулуп, дароо жетип келген шаар бийлиги менен жолугушту. Ош шаарынын Батыш РЭСинин жетекчилеринен жумушчуларына чейин электр жарыгын калыбына келтирүү менен алпурушту. «Азаттык» радиосу аркылуу айтылган айрым сөздөр:

«Мен Закирова Гүлнарамын. Бизде бир жумадан бери электр жарыгы жок. Кайрыла турган жерге кайрылдык. Эч кандай натыйжа болбогонуна байланыштуу эл көтөрүлгөнгө туура келди. Бизди (бийлик) адам ордуна көрбөй калды. Тийешелүү кишилери келип жасамыш болду. Кабель кайра жарылып түштү. Газ жок. Балдар ачка калды, айласыздан биз тоюп, жадап бүткөндөн кийин көчөгө чыгып атабыз».

Ардагер Жамийля Кошбаева: «Батыш» кичи райондо бүгүнкү болгон окуянын себеби, биринчи суу болбой калды, анан свет болбой калды. Сууну эптештирдик. Свет өчкөндө кийин Ош РЭС 6 күнгө чейин свет бербейт. Бирөө келип кабар албайт. Кары-картаңдар бар, үйдө жаш балдар бар, ыйлагыбыз келди. Ыйладык. Ушул боло турган болсо биз жазуу түрүндө да кайрылабыз».

«Атым Минавар. Кечөөтөн бери мен 2-25-11ге чалам, такыр албайт. РЭСке кечке чалдым, алар да албайт эки күндөн бери. 10 айлык балам бар, жадагалса сүт бышыра албайм. Газ да жок, жарык да жок. Чарчадым, акыры көчөгө чыктым».

Айтолкун Шерматова болсо «Батыш» кичи районундагы таштандылардын тазаланбагандыгын кошумчалай кетти:

«Базардын жанында көрүп турасыз болгону 5 куту бар. Мындан башка акыр-чикир жыйчу куту жок. Бул күнүгө толуп кетет, жыйнаган бир адам жок. Айнегибизди ачып койсок үйүбүзгө чоң чымындар кирип келет. Өчөшкөн жери барбы деп ойлоном. Саясий бир нерсеси бар деп ойлоном. Болбосо мындай болбошу керек эле».

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Минходжин Сражидинов орусча, кыргызча, өзбекче аралаш тил менен Батыш РЭСи ашыкча кабелдери жок болсо да, өздөрүнүн эсебинен сатып келип, жардам кылып жаткандыгын, эл электр акысын төлөбөгөндүктөн РЭСтин акыбалы жакшы эмес экенин баса көрсөттү: «Өздөрүнүн эсебинен кабелдерди сатып келип, жардам кылып жатышат. Складда жок» .

Жыргалбай аттуу жигиттин: «Акимиатка барышты, элдер. Эгерде жолго чыкпаганда, сиздер келбейт элеңиздер ээ?» деген суроосуна Минхождин Сражидинов жооп берүүдөн кайпактап, бирок «эртең эле эл жарыксыз калбайбы?»,- деген суроого, «кабелдер эски, эртең эле күйүп кетиши мүмкүн, кепилдик бере албайбыз» , деп так кесе жооп узатты.

Электр жарыгы «Батыш» кичи районуна толук берилгиче, тактап айтканда саат 17ге чейин эл тараган жок.

XS
SM
MD
LG