Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

БУУ ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ ЖАГДАЙДЫ ЖАЙЫНДА ДЕП ТАПТЫ


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясында орус армиясынын Чеченстандагы зобун-зомбулугун айыптаган резолюция колго салынып, бирок кабыл алынган жок. Комиссиянын мындай чечими орус бийликтерин канааттандырды, ал эми эл аралык жана россиялык активисттерди өкүттө калтырды. Москвадагы укук коргоочу уюмдардын баасында, федералдык күчтөрдүн Чеченстандагы азыркы репрессиялары Сталиндин тушундагы чоң террордон да алда канча ашып түшөт. Ай сайын чечен жеринде орто эсеп менен жүздөй адам дайынсыз жоголуп турат дешет алар.

Резолюциянын долбоорун БУУнун комиссиясындагы бир катар делегациялар, анын ичинде Кытайдын, Индиянын,Кубанын өкүлдөрү катуу сынга алышты. Чеченстанда акыркы кездерде абал жакшырып баратат деп айтышты алар жана буга далил кылып өткөн айдын этегиндеги элдик референдумду келтиришти. Резолюция колго салынганда ага 21 делегация каршы добуш берди,17 өлкөнүн өкүлдөрү калыс позицияда калды. Мындай жыйынтыкты Россиянын тышкы саясий мекемесиндегилер толук мыйзамченемдүү натыйжа катары комментариялашты. Чеченстанда конституциялык тартипти жана бейпил турмушту камсыз кылуу процесси уланууда, деп айтылат тышкы иштер министрлигинин атайын билдирүүсүндө. Орус бийликтери ошону менен бирге али көп проблемалар бар экенин моюнга алышты,алар сөзсүз чечиле тургандыгына жана бу жагынан Москва европалык өнөктөштөрдүн жардамына таянарына ишендиришти.

Россиялык активисттер, анын ичинде белгилүү укук коргоочу, Думанын депутаты Сергей Ковалев БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын чечимин Батыш демократиясынын ыкшоо тартып,ныксырай баштаганы таризде баалады. Ал карк тоюп алып, камырабай калды жана мурдунан учунан арыраакты карабай калды, деп айтты Ковалев.

Ковалев ырастагандай, россиялык укук коргоочулар атайын жыйын өткөрүп, Чеченстандагы референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен Жогорку сотко кайрыла турган болушту. Экинчи бир активист Лев Пономарев чечен жериндеги референдумдун натыйжасына республикада турган федералдык күчтөр, кан жолдордун, кыбыр эткен кыймыл-аракеттин баары катуу кайтарууга алынып жатканы жана башка факторлор таасирин тийгизди деп эсептейт. Президент Путиндин кебине ылайык,чечен жеринде өзгөчө деле иштер болуп жаткан жок, согуш бүттү. Эми болгону антитеррордук операция жүрүп жатат, андыктан кандайдыр бир чукул абал жарыялагандын кажети жок. Башкача айтканда, Чеченстанда жагдай жайына келип, ал федерациянын толук кемелдеги мүчөсүнө айланды. Андай болсо, деп белгилейт Пономарев, федерациянын мыйзамдарына ылайык, республиканын жаңы конституциясын чечен парламенти өзү даярдап, элге сунуш кылышы керек эле.

Чеченстандын азыркы администрациясы даярдаган маалыматтарга таянып, укук коргоочулар быйылкы жылдын алгачкы эки айында эле граждандык калк арасынан 70 адам набыт болгонун, 145тей киши дайынсыз жоголгонун, андан тышкары 25тен ашык адамдын сөөгү табылганын айтышат. Жалпы эсепте 2002-жылдын 30-декабрына чейинки ырасмий маалыматтарда киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны 1100дөн ашканы белгиленген. Ал эми дайыны чыкпай жаткандардын эсеби 2800гө жетет. Ай сайын бери дегенде жүздөй адамдын өмүрү кыйылып турат.“Мемориал” уюмунун өкүлү Александр Черкасов бу кылмыштардын баарын россиялык атайын кызматтар жасап жатат деген ишенимде. Адатта “өлүм эскадрону” деп койчу атайын бөлүктө кызмат кылган орус полковниги жакында эле “Известия” гезитине берген интервьюсунда чечендерди каракчы жана канкор эл деп атап, алардын каяша кылган тыңчыкмаларын түн жамынып тындым кылып жатышканын билдирген.

Москвалык укук коргоочулар ушундай упаттуу абалга нормалдуу деп баа берген комиссиянын чечимин кантип нормалдуу деп баалаганга болсун дешет. Сергей Ковалев эл аралык коомчулукка, анын ичинде европалыктарга ойгоно турган маал келди деп билдирди. Эгер чечен жериндеги абал алдыдагы бир жылда оңолбосо, анда бул маселе боюнча атайын трибунал түзөрүн эскерткен Европа кеңешинин чечимин Ковалев ушундай мамиленин алгачкы жышааны катары баалады.

XS
SM
MD
LG