Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Кытайда кайрадан өнөгөсүз өпкө оорусунан жабыр тарктандардын саны көбөйүүдө


Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги бул жугуштуу дарттан өлгөндөрдүн саны 92 адамга жеткенин, соңку эки күн ичинде эле коркунучтуу вирус дагы 194 бейтаптан табылып, 13 киши көз жумганын маалымдады. Гонконгдо азырынча догдурлар сасык тумоонун адаттан тышкаркы түрү деп караштырып жаткан оорудан 19 киши мерт болуп, аны жуктургандардын саны 88ге жетти. Сингапурда 14 киши өлүп, 184 оорулуу катталды. Кытай менен чектеш Түндүк Корея да өлкөдө жаңы коркунучтуу дартка чалдыккандар табылганын маалымдап, чек ара, аэропорттордогу көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG