Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

АКШ аскерлери мурдагы Ирак жетекчилигинин дагы 4 өкүлүн камакка алышты


Багдадда Ирактын аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Музахим Хасан ат-Тикрити, экс-соода министри Махди ас-Салих жана аскерий чалгындоо кызматынын башчысы, генерал Зухайр Талиб ан-Накиб колго түшүрүлдү. Тактап айтканда, генерал ан-Накиб өз ыктыяры менен АКШ аскерлерине багынып берди. Ал жетектеп турган мекеме Ирак армиясындагы кырдаал, курал-жарак, аскерий техниканын коопсуздугу үчүн жооп берип, душмандын согуштук кубаты тууралуу маалымат топточу. Америкадан жансоога сураган генерал эми Ирактын чет мамлекеттердеги, анын ичинде АКШдагы тыңчылары тууралуу маалыматты ачып бериши мүмкүн. Андан тышкары америкалык командачылык Ирактын мурдагы чалгындоо кызматынын АКШ боюнча бөлүмүнүн башчысы да кармалганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG