Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Жалалабад облусунда жер көчкү жана суу ташкын коркунучу дагы эле сакталууда


ЖАЛАЛАБАД. Облустук чукул кырдаалдар штабынын бүгүнкү маалыматы боюнча, Токтогул районундагы Толук айылын район борбору менен байланыштырган жолдун 67-чакырымында узундугу 70 метр, кеңдиги 1000 метр, бийиктиги 30 метр жер көчкү түшүп, Толук, Сарыкамыш кыштактары менен автоунаа байланышы үзүлдү. Тоолордун 100 метрлик топурак массасы Ош–Бишкек жолунун 449-чакырымы жакка жылып жатат. Сузактын суу жемирип, жолу бузулган Карабулак, Орток, Сарыбулак жана жер көчкү турган Чанген, Кыржол, Маркай айылдарына автоунаа каттай элек. Каражаттын тартыштыгынан мындай жагдайларга каршы иш жасалган жок. Алабука районунан үйүнөн суу чыккан бир үй-бүлө, Базаркоргон районунда суу ташкын коркунучунда турган 4 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү.

XS
SM
MD
LG