Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Германия жардам көрсөтүүсүн улантат


БИШКЕК. Финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-немис өкмөт аралык комиссиянын Бишкектеги жыйынынын соңунда протоколго кол коюлду. Ага ылайык немис тарап Кыргызстанга саламаттык сактоо, кесиптик-техникалык билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык программаларды аткарууга жакынкы эки жыл ичинде 16 млн. евро бөлмөк болду. Протоколго кыргыз тараптан каржы министринин биринчи орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев, немис тараптан экономикалык кызматташуу боюнча федералдык министрлигинин Борбор Азия жана Кавказ департаментинин башчысы Александр Музер кол койду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү финансы министрлигинин тышкы инвестициялар боюнча департаментинин адиси Уулкан Авазова маалымдады. Анын айтымында, 1993-жылдан 2002-жылга чейин немис тарап көрсөткөн финансылык жардамдын көлөмү 102 млн. евродон ашкан.

XS
SM
MD
LG