Өзбек улуттук-маданий борборунун экинчи курултайына Кыргызстандын өзбек улуттары жашаган бардык аймактардан 103 делегат шайланган. Чакырылган адамдарды кошкондо жалпысы 300дөй адам катышты. Курултай өзгөчө маанай, эркин формада башталганы үчүн элге жагымдуу болду. Оболу кыргыз комузу менен курултай катышуучуларына төкмө акын куттук салам айтып, ага улам «Манастын уулу Семетей» драмасындагы Каныкейдин монологу өзбек тилинде жаңырды.
Курултайда өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси, Кыргыз парламентинин мүчөсү Кыргыз-өзбек университетинин ректору, академик Мухамеджан Мамасаидов отчеттук доклад менен чыгып, маданий борбордогу 5 жыл ичинде жасаган алгылыктуу иштерди, Кыргызстандагы өзбек элинин ордун, аткарып жаткан албан эмгектерин санап өттү. Маселен, маданий борбордун күчү менен Өзбек-кыргыз университетинин алдында атайын котормо борбору ачылып, ал негизинен өзбек мектептериндеги окуучулар үчүн китептердин даярдап чыгарууда. Өзбекстан латын тамгасына өтүп кеткенден кийин, алардын окуулуктары Кыргызстандагы өзбек окуучуларына жарамсыз. Кыргыз программасы боюнча аталган борбор Мухамеджан Мамасаидов отчетунда белгилегендей:
«1- класстан баштап 4- класска чейин китептерди жеткирип берген». 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн 32 наамдагы 250 миң даана китепти чыгарып, мектептерге таратып берүүгө жетишти. Андан ары докладчы өзбектер Кыргызстанга качан көчүп келгендигин эч бир окумуштуу далилдей албай тургандыгын, демек өзбектер да кыргыздар үчүн түптүү эл, алардын мекени, ата-журту Кыргызстан экендигин, «диаспора» деген сөз аларга эч бир туура келбестигин баса белгиледи. Аля Анаров баштаган эмгек баатырлары, Миррахимов баштаган аалымдар, Шабдановадай ондогон өнөр адамдары, Шариповдой космонавт жалпы Кыргызстандын сыймыгы экендигин эскертип өттү. Ошондой эле Ош өзбек музыкалуу драма театрына академиялык деген статус берүү, Жалалабадда Өзбек театрын ачуу, өзбектер көп жашаган Карасуу, Өзгөн райондорунда өзбек тилиндеги райондук гезит чыгаруу, жергиликтүү бийлик органдарына, сот, прокуратура системаларына өзбек улутундагы кадрлардан көбүрөөк тартуу сунуштарын да ачыкка чыгарды.
Өзбек улуттук-маданий борборунун төрагасынын Жалалабаддагы орунбасары Кадыржан Батыров өткөн жылы июнда Жалалабадда өткөн өзбек маданий борборунун конференциясында республика жетекчилигине коюлган 20 пункт сунуштун айрымдары аткарылып, 1998-жылкы Сузактагы суу ташкынында берилген кредиттердин 30 пайызы кайтарылбай кечирилгендигин, 70 пайызы жеңилдетилгендигин ыраазычылык менен белгиледи.
Базаркоргон районунда 280 миң сомго бир чайхананы сатып алып, маданий борбордун филиалы үчүн иштөөгө бергендигин, Жалалабадда улуттук борбор үчүн миң орундуу имарат куруп жатышкандыгын, кийинки курултай буюрса ошол жерде өтүп калаарын жарыя кылды. Курултайга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышып, президенттин куттуктоосун окуп берди. Президент жарлыгы менен сыйланган бир катар адамдарга грамота тапшырды. Курултайда өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчилигине кайрадан Мухамеджан Мамасидов шайланды.