Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Украинанын учагынын кырсыкка учурашына аба ырайынын кескин бузулушу себеп болушу ыктымал


Украинанын ЯК-42 үлгүсүндөгү учагы аба ырайынын кескин бузулушунан улам кырсыкка учурашы ыктымал. Бул тууралуу Украинанын жер ортолук деңизиндеги авиакомпания жетекчисинин орун басары Володимир Горбановски билдирди. Анын айтымында, учак Түркиянын Трабзон аэропортуна май куюуп алуу үчүн эки жолу конууга аракет жасап, коно алган эмес. Андан соң экипаж менен байланыш үзүлгөн. Учактын кырсыкка учурашы тууралуу ушундай эле пикирин Испаниянын Коргоо министри Федерико Трильо билдирди. Кырсыктын себеби кошумча иликтенүүдө. Ооганстанда кызмат өтөп мекенине кайткан жоокерлерди ташып бараткан ураиналык учак 26-майда эртең менен Түркиянын Трабзон шаарына жакын жерде кырсыкка учурап, 62 жоокер, экипаждын 12 мүчөсү каза болгон.

XS
SM
MD
LG