Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

АКШнын Коргонуу катчысы Германияга келди, бирок анын өлкө жетекчилери менен жолугушаары күмөн


Дональд Рамсфельд бүгүн Баварияда, Мюнхендин жанындагы Пентагонго караган эл аралык изилдөө борборунда чыгып сүйлөйт. Мында мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн армия өкүлдөрү жана коргонуу кызматкерлери жолугушууда.
Германия Ирак согушуна катуу каршылык көрсөтүп, АКШ менен мамилесин бузуп алган эле.
Мюнхенге чейин Рамсфельд Албанияда жана Португалияда болуп, аталган өлкөлөрдү Ирак согушун колдогону үчүн мактады. Албаниянын баш калаасы Тиранада ал мындай деди:

- Мен АКШнын Албания менен мамилесин баалайм. Ошондуктан, мында келип, мартабалуу өкүлдөр менен жолугуштум жана ушунча көп иштерде бизди толугу менен колдогондору үчүн ыраазычылыгымды билдирдим.

Рамсфельд эртең Брюсселге барып, НАТО өлкөлөрүнүн коргонуу министрлеринин жыйынына катышат.

XS
SM
MD
LG