Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Парижде дүйнөдөгү эң ири авиа шоу башталды


Париж шаарынын алдындагы Ле Бурже аба майданында бүгүн - дүйнөдөгү эң ири авиа шоу башталды. Ага ар башка өлкөлөрдүн эки жүзгө жакын учагы катышат жана алардын элүүгө жакыны асманда ар башка оюн да көргөзөт. 22-июнга чейин созула турган көргөзмөгө 400 миңге жакын адам келээри күтүлүүдө. Бирок 2001-жылдын сентябрындагы террор аракеттеринен кийин, көргөзмөгө катышкан америкалык учактардын саны 20 пайызга кыскарды. Көргөзмөгө үндөн ылдам учкан, бирок музейге кете турган атактуу "Конкорд" учагы да коюлган.

XS
SM
MD
LG