Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:01

Иранда студенттик демонстрациялар уланууда


Тегеранда студенттик демонстрациялар башталганына бүгүн алты күнгө аяк басты. "ИСНА" жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, өкмөткө каршы чыгуулар кечээ Мешхед шарында да орун алган. АКШнын президенти Жорж Буш кечээ Ирандагы окуяларды ислам өлкөсүндөгү кеңири эркиндик үчүн кыймылдын башталышы деп баалады. Мунун алдында эле расмий Тегеран АКШны Ирандын ички иштерине кийлигишип, соңку окуялардын маанисин ашыкча эле жогорулатып жатканы үчүн айыптаган. Миңдеген ирандыктар, өлкөнүн бийлик бутактарында динчил күчтөр үстөмдүк кылышына нааразылык билдиришүүдө. Демонстранттар кызматта турган алты жылдан бери реформа жүргүзө албаганы үчүн президент Мохаммед Хатамини да айыптап жатышат. Кечээ Тегеранда демонстранттар менен исламчылар кагылышты.

XS
SM
MD
LG