Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Италиянын премьери бүгүн Милан сотунда сурак берди


Сильвио Берлускониге мындан бир топ жыл илгери азык-түлүк компаниясын менчиктештирүү маалында судьяларга пара берип, анын аркасында бир катар ишканалардын ээси болгонго жетишкен деген айып менен кылмыш иши ачылган. Эртең өлкөнүн парламентинде өкмөттүн жогорку даражалуу беш өкүлүнө, анын ичинде премьер-министрге бийликтеги мөөнөтү бүткөнчө кол тийгис иммунитет берүү жөнүндөгү мыйзам колго салынмакчы. Эгер мыйзам дароо күчүнө кирсе, анда азыркы сот иши Берлускони премьерлик кызматтан түшкөндөн кийин улантылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG