Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Иран президенти Парижде кармалгандарды Иранга өткөрүп берүүнү суранууда


Иран президенти Мохамед Хатами да бүгүн атайын билдирүү жасап, демократия абалында эл демонстрация өткөрүүгө укуктуу, бирок андай аракеттер мыйзам бузууга алып келбеш керек деп билдирди. Тегеран шаарында бир апта бою уланган элдик толкундоолор учурунда демонстранттар Хатаминин кызматтан чегинишин да талап кылган. Президенттин айтымында, Париж шаарында камакка алынган ирандык оппозициялык уюмдун мүчөлөрү Иранга өткөрүлүп берилүүгө тийиш. "Элдик мужахеддиндер" деген уюмдун мүчөлөрү камакка алынганына каршылык көрсөтүп, Францияда кечээ күнү төрт адам өзүн өзү өрттөөгө араккеттенди, алардын үчөө аял болчу жана бирөө ооруканада каза тапты. 17-июнда Лондон шаарында да бир адам өзүн өзү өрттөп жиберген.

XS
SM
MD
LG