Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Баткендин Аксай айыл өкмөтү коңшу Тажикстандагы айыл өкмөтүнө кайрылды


БАТКЕН. Аксай айыл өкмөтүнө караштуу Көкташ айылынын башчысы Шермат Айдаровдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аталган айыл өкмөтү Тажикстандын Чорку айыл өкмөтүнүн жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Буга коңшулардын «чек аралар такталмайынча талаш жерлерди иштетпей туруу жөнүндөгү» эки тараптуу макулдашууларды аткарбай жатышы жана Тажикстандын айрым жашоочуларынын Көкташ айылынын тургундарына кысым көрсөтүшү себеп болгон. Маселен, өткөн жуманын соңунда аталган айылдын чектеш участкасында өзүнө тиешелүү жер үлүшүндө неберелери менен иштеп жаткан Сурма Пулотованы Тажикстандын Чорку айылынан чыгышкан 25-30 жаштар чамасындагы эки жигит «бул биздин жер, бул жерден кеткиле» деп опурулуп, коркутуп-үркүтүп кетишкен. Кайрылууда тажик тарапка мындай ээнбаштарга чара көрүү жана талаш жерлерди өздөштүрүү аракеттерин токтотуу талабы коюлуп, эгер талап аткарылбаса, кыргыз тарап өздөштүрүлгөн жерлерди бузуп салууга аргасыз болоору эскертилген.

XS
SM
MD
LG