Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

КАЛИНИНГРАДГА ЛИТВА АРКЫЛУУ ӨТҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕРИ БҮГҮН КҮЧҮНӨ КИРДИ


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Бүгүнтөн, 1-июлдан тартып Литва Орусиянын бир бөлүгү болгон Калининград облусуна транзиттик каттоо боюнча жаңы эрежелерди киргизди. Орусиялыктардын Калининград аймагына өтүүсү үчүн жеңилдетилген эрежелер, көптөгөн адистердин оюнча, аймак тургундарынын “чоң жер” менен байланышынын көйгөйүн чечүү үчүн жасалган саамалык кадам.

Литва - Балтика боюндагы Орусияны экиге бөлүп турган өлкө. Анын бир тарабында - негизги Орусия, ал эми экинчи тарабында - Орусияга караштуу Калининград облусу орун алган. Андыктан, Литва Европа өлкөлөрүнүн катарына кирүү ниетин билдиргенден тартып калининграддыктар менен Орусиянын башка региондорунда жашаган алардын мекендештери үчүн каттам жаатында чоң түйшүк жаралды. Алардын ортосундагы карым-катнаш үзгүлтүккө учурап, Калининград облусу Орусиядан обочодо бөлүнүп калган кичине аралчага окшоп калды.

Бул проблеманы чечүү Литва менен эле Орусия ортосундагы эки тараптуу талкууну гана эмес, андан да жогорку деңгээлде: Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда өтүүчү сүйлөшүүлөрдөн кылдат мамилени талап кылды. Анткени, Литва келерки жылдын май айында Европа Биримдигине толук мүчө болуп кирмекчи. Бул мүчөлүк, өз кезегинде, Литванын Шенген келишимин жактоосун шарттайт. Аталган келишимге ылайык, мүчөлүктө турушкан мамлекеттердин ортосунда эркин каттам уюштурулган менен жалпы Биримдиктен тышкаркы өлкөлөр менен бул өңдүү алакалардын болушу мүмкүн эмес. Евробиримдик да Орусиянын КМШ алкагындагы 9 өлкө менен визасыз карым-катнашта тургандыгын эске алуу менен, Орусия аркылуу мыйзамсыз миграциянын толкунунун күчөшүнөн чочулайт. Акыр аягында, мунун баары Калининград тургундарынын Орусияга келүүсүн татаалданткан. Бирок, 2002- жылдын аяк ченинде өткөн Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы сүйлөшүүлөр 2003-жылдын 1-июлунан тартып орусиялыктар үчүн Калининградга келим-кетимде жеңилдетилген транзиттик документти киргизүүгө жол ачты.

Аталган документ, кайсы бир деңгээлде, визанын ролун ойнойт. Үч жылдык мөөнөткө эсептелип берилүүчү документтин баасы - 5 евро. Калининградга келим-кетимдерде буга чейин атайын виза алып, аны даярдоо иши бир канча күндөрдү талап кылып келген болсо, эми транзиттик документти алуу үчүн 24 саат гана сарптоо керек. Андан сырткары, кабыл алынган келишимге ылайык, келерки жылдын аягына чейин литвалык тарап орусиялыктардын ички паспортун негизги документ катары таанышат. Андан ары орусиялыктардын паспортторунда сөзсүз түрдө эл аралык баракчасы болушу абзел.

Калининградга баруу үчүн темир жол кассаларына тапшырылуучу документтердин баары Литванын Москвадагы элчилигинин консулдук кызматында текшерилип, андан кийин гана орусиялык жүргүнчүгө билет алуу үчүн уруксат берилет. Консулдук кызматтын жетекчиси Антанас Муралистин айтымында, акыркы күндөрү аларга түшүп жаткан арыздар өтө эле көп:

- Акыркы эки аптанын ичинде бизге 23 миңден ашуун арыз келип түштү. Алардын ичинен 1105 кишиге уруксат кагаз бердик.

«Калининград облусуна транзиттик каттам үчүн киргизилген жаңы өзгөрүүлөр маселени толугу менен чечет деп айтуу кыйын. Анткен менен, ал Калининграддын Орусиядан таптакыр бөлүнүп калбоосуна шарт түздү», - деп эсептейт Орусия президентинин Калининград маселеси боюнча Еврокомиссиядагы атайын өкүлү Дмитрий Рогозин:

- Азыркы учурда аралча менен байланышуунун төрт жолу бар. Калининград аймагы обочодо калышы мүмкүн эмес.

Дегинкиси, Калининград менен “чоң жердин” ортосунда бүгүнкү күндөн тарта аба жол каттамдары да өз иштерин күчөтүштү. Буга чейин жумасына эки гана жолу Калининградга жана кайра Москвага каттап турган «Аэрофлот» учактары эми төрт ирет уча тургандыгы маалым болду. «Болгондо да, барыш-келиш белетинин наркы – арзан. Мындай белет 35 доллар эле турат» деп билдирет орусиялык аба жол кызматы.

XS
SM
MD
LG