Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

ГЕНЕРАЛ ФРЭНКС ОТСТАВКАГА КЕТТИ


AКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарын жүргүзгөн таланттуу кол башчы генерал Томми Фрэнкс үстүбүздөгү аптада аскер кызматынан кетти. Шейшемби күнкү аземде АКШнын Коргонуу Катчысы Доналд Рамсфелд аны "жоокердин жоокери" деп көкөлөтө мактады. Бирок 60ка чыга элек Фрэнкстин карьерасы көкөлөп турган чакта эмне себептен АКШ армиясынан кетип жатканы бүдөмүк калууда.

Томми Фрэнкс атагы таш жарып, аты дүйнөгө дүңгүрөп турган тапта отставкага кетти. АКШнын Борбордук командачысы катары ал Жакынкы Чыгышта жана Азияда 25 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда жайгаштырылган америкалык аскерлерди башкарып турду жана ооган, ирак согуштарын Вашингтондун көңүлүнө толгудай таризде, создуктурбай соңуна чыгарды.

Генералды ардактуу эс алууга узатуу аземи Флорида штатынын Тампа шаарында АКШ армиясынын Башкы команда штабында 7-июл күнү өттү. Эл менен кош айтышып жатып, Фрэнкс аскерлерге АКШ баштаган терроризмге каршы согушка катышып бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

- Аскер формасын кийген эркектер жана аялдар, биз дүйнөнүн ар кайсы бурчунда, Ооганстанда жана Иракта, дагы биз биле элек жерлерде терроризмге каршы согушта өтөп жаткан кызматыңар үчүн абдан сыймыктанабыз. Биз көздөгөнүбүздөн кайтпайбыз. Патриоттор жана аскерлер башын канжыгага байлашты. Биз аларга бүгүн жана түбөлүк карыздарбыз.

Быйыл 57 жашка чыккан Фрэнкс кызматын өзүнүн орун басары генерал Жонн Абизаидге өткөрүп берди. Жонн Абизаид – теги Ливандан, Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт, арабча сүйлөйт. Генерал Фрэнкс салтанатта отставкага кетишинин себеби тууралуу ооз ачкан жок.

Ал эми АКШнын коргонуу катчысы Дональд Рамсфелд Фрэнкске мындайча баа берди:

- Ар күн сайын биздин жаш кыз-жигиттер өмүрүн садага чаап, өз демилгеси менен бизди бүт дүйнөдө террордон коргоп жүрүшөт. Алар эң мыкты жетекчиликке муктаж. Генерал Том Фрэнкс жана анын командасы мына ошондой эң мыкты жетекчиликти камсыз кылышты. Генерал Жонн Абизаид да эң мыкты лидерликти камсыз кылат.

Арийне, салтанатта боло жүргөн шатыра-шатман сөздөр айтылганы менен, Фрэнкстин эмнеге кетип жатканы көпчүлүк үчүн бүдөмүк бойдон калды. Фрэнкс кааласа, бүгүнкү атак-даңкы менен АКШ армиясынын башкы командачысы боло алмак. Эл алдында ал жубайым жана үй-бүлөм менен көбүрөөк болууну туура таптым деп айтып жүрөт. Бирок аны жакындан билгендер генерал Вашингтондогу саясий оюндардан качты деп айтышууда.

Пентагондо бүгүнгө чейин аскер башчылары менен коргонуу катчысынын ортосунда көмүскө таймаш токтой элек. Аскер кишиси болбогон катчы Рамсфелд армияны чакан, жаңы технологияларга таянган күчкө айландырууну каалайт. Ал эми генералдар согушту жер жайнаган аскердин күчү менен жүргүзүш керек деп эсептешет.

Бул талаш Ирак согушунун алдында айрыкча курчуду: Рамсфелд Фрэнкстин согуш планын улам кайра кайтарып, аскерлердин санын кыскартууну талап кылып туруп алды. "Бостон Глоуб" гезитинин жазышынча, Фрэнкс Иракка 250 миң аскер жиберүүнү сунуш эткен, Рамсфелд 100 миңден ашыкты каалаган эмес. Ошондой эле Фрэнкс Ирактын коргонуу системасынын таш-ташканын чыгарыш үчүн, согуштун алдында 10-14 күн тынымсыз бомба жаадырууну каалаган. Ал эми коргонуу катчысы аз сандагы атайын аскерлерди көбүрөөк колдонуп, аба күчтөрүн кыска убакытка жиберүүнү туура деп эсептеген.

Акыры Фрэнкс менен Рамсфелд эки стратегиянын тең элементтерин бириктирген планга макул болушкан. Натыйжада, Иракка жерден кол салуу абадан сокку урууга улай башталып, 150 миң чакты аскер жиберилди. Саддам Хусейндин режими үч жумада эле кулап калгандыктан, Фрэнкс жана башка генералдар да, Рамсфелд тарабы да бүгүнгө чейин "ийгиликке дал биздин стратегиянын аркасы менен жеттик" деп айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG