Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Либериялыктар АКШнын жетекчилигине кайрылуу жолдоду


Либериядагы нааразылык акциянын катышуучулары АКШ бийлигине аталган өлкөгө тынчтыкты камсыз кылуучу күчтөрдү жиберүүнү өтүнүп кайрылуу жолдоду. Ал эми АКШ президенти кечээ Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттар Либерияга саны жагынан чектелүү бейпилдик күчтөрүн белгилүү бир мөөнөткө жибериши ыктымалдыгын билдирди:

- Менимче, биздин Либерия үчүн алган милдетибиз жүгүнүн оордугу жагынан жана мөөнөтү жагынан да чектелүү болот. Биздин башкы максат - Батыш Африка өлкөлөрүнүн Экономикалык биримдигинин бейпилдик күчтөрүнө көмөктөшүү. Ал келечекте БУУНун бейпилдик күчүнө айланышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG