Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

АКШ президенти Ирактын мурдагы жетекчилигинин өзөктүк куралдары бар экендиги тууралуу маалыматка толук ишенет


Ирактын мурдагы жетекчилигинин массалык кыргын салуучу өзөктүк куралдарга ээ экендиги тууралуу маалыматтын тактыгынан күмөн саноого болбойт. Бул тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш кечээ Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

- Менин оюмча, мен убагында жеткиликтүү деңгээлде так маалымат алгамын жана менин ошол кездеги сөзүм да абдан так маалыматтарга негизделген. Мен буга чейин жана бүгүн деле Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралдары бар экендигинен кымындай да күмөн санабайм.

Ирактагы согуш аяктагандан бери да ал жерден массалык кыргын салуучу курал табыла элек.

XS
SM
MD
LG