Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

ЧОЛПОНАТАДА ЕврАзЭБдин ТРАНСПОРТ БОЮНЧА ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ


Сапар Орозбаков, Бишкек 16-17-июлда Чолпонатада Евразия Экономикалык Биримдигинин алдындагы транспорт саясаты боюнча кеңештин 4-отуруму болуп, анда бул уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук катнаш жаатындагы тоскоолдуктарды аныктоо жана аларды алып салуу, бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү, жолдордун техникалык нормативдерин, стандарттарын жана транзиттик тарифтерди жакындаштыруу жана башка бир топ маселе каралды. Кыргызстан тараптан ага Транспорт, байланыш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Транспорт, байланыш жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажыкеевдин айтуусу боюнча, Чолпонатада бардыгы болуп 12 маселе каралды. Алардын бири - Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосунда Советтер Союзу таркагандан кийинки пайда болгон тоскоолдуктар.

- Былтыркыга чейин Казакстандын ар бир облусунда “экологиялык жыйым”, “санитардык жыйым” дегендер бар болчу. Алар Алматы облусунда да, Алматынын өзүндө да, Жамбыл облусунда да, Чымкент облусунда да бар болчу. Кыргызстан аларды чек арадан өткөндө бир эле жолу төлөп, Орусияга түз чыгып кеткидей болушу керек, - дейт Айзат Ажыкеев. Анын айтымында, Казакстан ал жыйымдарды алууну токтотту. Бирок буга окшогон тоскоолдуктар ошол эле Казакстанда, Биримдиктин башка өлкөлөрүндө дагы эле бар. Транспорт саясаты боюнча кеңеш аларды аныктап, мамлекет жана өкмөт башчылары бул тууралуу бир чечим кабыл алышы үчүн тиешелүү документтерди даярдады.

ЕврАзЭБдин транспорт саясаты боюнча кеңеши Кыргызстан үчүн абдан көйгөйлүү маселе болуп эсептелген темир жолдун транзиттик тарифи жөнүндөгү маселени да караган. Кечээ эле бир мамлекет болуп турган бир тууган өлкөлөр азыр бири-биринин жүктөрүнө карата өнүккөн өлкөлөрдө пайдаланылган эл аралык жогорку тарифтерди коюшат. Мисалы, Кыргызстандан Орусияга ташылган товарлар Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, Казакстан андан өз өлкөсүнүн ичинде колдонгон тарифтен бир нече эсе жогору транзиттик тариф алат. Натыйжада Кыргызстандын товарларынын баасы асманга чыгып кетип, Орусияда алар өтпөйт.

- Биз Ташкөмүрдөн көмүр тарта турган болсок, биздин Луговойдон берки Бишкекке чейинки тарифибиз ашып кетсе 1 тоннасына 10 сом болот. Эл аралык транзиттик тариф менен ала турган болсок, ал кыйла жогору. Жүктүн тоннасы 4-5 долларга, айрым учурда 10 долларга чыгып кетет. Ошондуктан аны колдонбой эле, ЕврАзЭСтин өзүндө бир тариф түзүп, ошону колдонолу деп комиссия макулдашты, - дейт Айзат Ажыкеев. Анын айтымында, бул төмөндөтүлгөн тарифтер, эгерде алар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан жактырылса, быйылкы жылдын аягында же эмки жылдын башында ишке кирип калышы мүмкүн.

- Базалык тарифтер даяр. Аны ЕврАзЭБге пайдаланса болот. Аны Интеграциялык комитеттин жыйынына алып чыгабыз, - деди Айзат Ажыкеев.

Чолпонатада каралган маселелердин бири жолдордун стандарты жөнүндө болду. Айзат Ажыкеевдин айтымында, биздин жолдор “8-14 тонналык жүктөрдү көтөрөт” деген эсеп менен курулган. Азыр 40 тоннага чейин жүк тарткан машинелер пайда болду. Аларды көтөрө албай, жол тез эле иштен чыгып жатат.

- Жол талкаланбаш үчүн чек араларга тараза коюлат. 30-40 тонналык ирандык жана европалык стандарттагы машинелерди көрүп жатасыңар. Биздикилер 15-16 тоннага чейин жүктөп алып жатышат. Чет өлкөлөрдө буга чек коюлуп, андан ашса акча алынат - жол бузулбаш үчүн, ал акчаны жолго пайдаланыш үчүн. Бул Орусияда да, Белоруссияда да, Казакстанда да бар. Бизде гана жок. Ошондой тартип киргизели деп, депутаттарга айтып өткөрө албай жатабыз. “Бул керек, бул акча жыйнаш үчүн эмес” деп түшүндүрө албай койдук, - деди Айзат Ажыкеев. Анын айтымында, ЕврАзЭБдин транспорт боюнча жыйынында бул маселелерден тышкары транспорт каражаттарын лизингге берүүнү жайылтуу, биргелешип адистерди даярдоо жана башка маселелер каралды.

XS
SM
MD
LG