Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

31-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлер атайын форма киймек болушту


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин атайын форма кийүү жана төш белгилерин тагып жүрүү эрежелерин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Президенттин мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын форма киргизүү жөнүндөгү жардыгы иштелип чыккан. Аны турмушка ашыруу максатында иштелип чыккан эрежеге ылайык, атайын форма ырасмий деңгээлде өткөрүлгөн жыйындарда, мааракелерде, чет өлкөлүк делегациялар менен жолугушууларда кийилет. Өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин атайын формаларын тигип даярдоо милдетин Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги өзүнө алды. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн окшош формалардын биринчи партиясы 15-августка чейин даяр болушу болжолдонууда. Жалпысынан бул атайын форманы киргизүүгө 300 млн. сом сарпталышы каралган. 31-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлер атайын форма кийе башташат.

XS
SM
MD
LG