Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Израил палестиндердин "Хамас" жана "Жихад" уюмдарынын мүчөлөрүн түрмөлөрдөн бошотуудан баш тартууда


Иерусалимде чогулган Израилдин министрлери ушундай чечим кабыл алышканын Тель-Авивдин расмий радиосу кабарлады. Бул жаңылык - Израиль "Жол картасы" аттуу тынчтык планын аткаруу максатында абактардан бошотууну убада кылган 450 палестин туткунунун тизмесине "Хамас" менен "Жихаддын" мүчөлөрү кирбейт дегенди түшүндүрөт. Шаршембиде Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас Вашингтонго сапар тартты, жума күнү ал АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугаары белгиленген. Анын алдында ал Иорданияда токтоп, падыша Абдулла менен кездешет.

XS
SM
MD
LG