Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

ЕККУ өкүлдөрү Ошто


ОШ. ЕККУнун Венада жайгашкан баш кеңсесинен келген чакан делегацияны полиция укук коргоо органдары менен иш алпарчу улук адис Ричард Монк жетектейт. Делегация адегенде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош, Жалалабад облустарындагы райондук, шаардык, облустук ички иштер органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, Кыргыз өкмөтү менен ОБСЕ ортосунда кабыл алынган Кыргызстандын ички иштер органдарына жардам көрсөтүү программасын ишке ашыруу боюнча меморандум тууралуу кең-кесир маалымат берди жана эки тарап биргелешип меморандумду ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Ушул эле маселе ЕККУ делегациясынын Оштогу бейөкмөт уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана укук коргоочулардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда да талкууланды. ЕККУнун Оштогу өкүлчүлүгүндө өткөн жолугушууда 8 беренеден турган меморандумдун айрым беренелеринин ишке ашышына ишенбестик пикирлер да айтылды.

XS
SM
MD
LG