Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Нагасакидеги алааматтын курмандыктарын эскерүү болду


Жапониянын Нагасаки шаарына миңдеген адам чогулуп, мындан 58 жыл мурун 9-августта, ушул шаарга ташталган атом бомбасынын курмандыктарын эскеришти. Бомба жарылган убакытта, тактап айтканда 11ден 2 мүнөт өткөн маалда үн чыгарбай бомбадан дароо набыт кеткен 74 миң адамды эскеришти. Атом бомбасынын залакасынан 130 миң адам кийин каза болушкан. Нагасакинин мэри өзөктүк жаңы куралдарды чыгарууну максат кылып жаткан АКШны сынга алды. Ушул шаршемби күнү миңдеген адам Хиросима шаарына чогулуп, ал жерге 6-августта ташталган атом бомбасынын 200 миң курмандыгын эскеришкен.

XS
SM
MD
LG