Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Быйыл Кыргызстандагы бардык министрликтерде жана мекемелерде «ачык эшик» күндөрү өткөрүлмөк болду


БИШКЕК. 2003-жылдын соңуна чейин Кыргызстандагы бардык министрликтерде жана мекемелерде «ачык эшик» күндөрү өткөрүлөт. Бул иш-чаралар президенттин маалымат кызматынын демилгеси менен уюштурулууда. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиевдин айтымында, мындай аракеттер өлкөдөгү министрликтер, мекемелер менен маалымат каражаттарынын, коомчулуктун ортосундагы байланышты чыңдоо максатында жасалууда. Ошондой эле, мындай иш-чаранын алкагында ар бир мамлекеттик мекеменин маалымат кызматтарынын жетекчилери атайын окуудан өткөрүлүп, ар бир министрликтин Интернет барагы ачылат.

XS
SM
MD
LG