Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

КАЗАК ДЕМОКРАТЫНЫН АБАКТАН ЧЫГУУСУ КҮМӨН


Бүбүкан Досалиева, Прага «Казакстандын Павлодар облусунун акими болуп турган кезинде мамлекеттик мүлккө суук колун тийгизген» деген айып менен азыр түрмөдө жаткан Галымжан Жакиянов Казак президенти Нурсултан Назарбаевге кечирим сураган кат жолдогон менен, ал кат дарегине жетпей жатат. Ушундан улам кургак учук оорусуна кабылып, жаны кылдын учунда турган Жакияновдун түрмөдөн чыгаар-чыкпасы күмөн болуп, коомдо катуу тынчсызданууну жаратууда.

39 жаштагы Галымжан Жакиянов Павлодар облусун башкарган кезде 2 миллион тенгени дайынсыз жок кылган деген айып менен 2002-жылдын сентябрь айында 7 жылдык түрмөгө кесилген. Ал камакка алынаары менен адам укугун коргоочулар Жакияновго негизсиз айып коюлуп, саясий жүйөөлөр менен камакка алынгандыгын дароо айтып чыгышкан. Анткени, ал Казак президенти жүргүзүп жаткан саясатка башкача көз карашта турган “Казакстандагы демократиялык шайлоолор” аттуу саясий партия түзүп, демократиялуу кайра түзүүлөрдү жүргүзүүнү максат кылган болчу.

Жети жылдык түрмө жазасын өтөө үчүн Костанай облусунун Кусмурун түрмөсүнө жөнөтүлгөн Галымжан Жакияновдун ден соолугу начарлап кеткени кабардалууда. Түрмөдө жуктуруп алган кургак учук оорусунан өмүрүн сактоо үчүн партиялаштары аны Казак президентине кечирим суроого көндүрүшкөн эле. Кечирим суроо катын ал августтун үчүндө жазып, түрмөнүн тиешелүү кызматчыларына берген. Бирок кат түрмөнүн дубалынан ары чыкпай жатат. Ал тууралуу Казакстан парламентинин Жакиянов жаткан түрмөгө барып келген депутаты Серикболсын Абдилдин 13-августтагы маалымат жыйынында төмөнкүчө маалымдаган эле:

- Биз бүгүн Жакиянов жаткан жерден келдик. Бул жолу биз аны түрмөнүн жалгыз адам отуруучу бөлмөсүнө камап көйду деген кабарды тактоо үчүн барганбыз. Ал чын болуп чыкты. Анын эмне себептен жалгыз отурганын ал жердеги адамдар жакшылап түшүндүрбөй коюшту. Бирок, айтылган сөздөрдүн маанисине караганда андай буйрукту Астанадан барган Смагулов деген бир абройлуу адам берип кетиптир. Соттолгон адамды да тынч жайына койбой кайра-кайра бир чатак чыгарып жатышкандыгынын өзү бир жаман окуя. Ушуга байланыштуу аны менен кызматташып жүргөн адамдар Галымжандын өмүрүнө коркунуч келбесин үчүн мамлекет башчысынан кечирим сурап, бошонсун деген чечимге келгенбиз. Ушундан улам Галымжан 6-августта мамлекет башчысына өтүнүч кат жазган. Бүгүн 13-август, бирок ал кат эмдигиче түрмө дубалынан ары кете элек.

Депутат Абдилдиндин ою боюнча бул - Жакияновдун эркиндикке чыгуусуна жол берчү акыркы мүмкүндүктөрүнө каршы жасалып жаткан аракет.

Ал эми Жакияновдун адвокаты Елена Ребенчук өтүнүч катты жазууга коргоочу катары жардам бере алган эмес. Анын 13-августта берген маалыматына караганда, ал Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун төрагасы Евгений Жовтис менен түрмөгө барган кезде аны түрмө башчылары айыпкерлер арасында ичкелте оорусу чыгып, карантин коюлду деген шылтоо менен киргизбей коюшкан. Ал тууралуу Елена Ребенчук:

- Ичкелте оорусуна байланыштуу карантин киргизилди деп түрмө башчысы бизди абакка киргизген жок. Жакияновдун жубайы Карлыгаш үч күндүк кездешүүгө барып, ал жерден 6-август күнү чыкканда эч кандай карантин жок экендигин айтты. Ал эми Жовтис Юстиция министрлигинин уруксааты менен көз карандысыз укук коргоочу катары Жакияновдун ден соолугуна байланыштуу түзүлгөн жагдайды так билүү үчүн түрмөгө 7-августта келди. Түрмө башчысы биз менен жолугууга чыккан жок. Ошол күнү да түрмөдө эч кандай карантин жарыяланбагандыгын билдик.

Анын айтымында, дал ошол 7-август күнү түрмөгө сот, прокурорлор келип жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулгандарды ал жерден чыгарышкан:

- Карантин болгон учурда түрмөдөн эч кимдин чыгууга укугу жок. Ал эми 8-август күнү ал жерден 60 адам бошонуп чыкты, - деп таң калат адвокат Елена Ребенчук.

Ал эми түрмө жетекчилиги кургак учук оорулуу Жакияновду ушундай ноокас айыпкерлер дарылануучу ооруканага которуу чечимине келген. Жакиянов ал жерге барса кайра чыкпай тургандыгын сезип, дарылануудан баш тартып, өзүн дени соо адам деп саноосун өтүнгөн. Анын себебин “Казакстандагы демократиялык шайлоолор” партиясынын басма сөз катчысы Владимир Козлов төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Кургак учук оорулуулар жаткан түрмө - бул ажалга гана кириптер кылчу жай. Ал жерде адамдар дарыланбайт. Ал жерде кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооруп, акыркы баскычына жетип калгандар гана жатышат жана жаңы баргандарга жугузуп коюп өлө беришет. Ошондуктан Жакиянов алдын-ала ойлонулган иштен баш тартып, өзүн дени соо адам деп санагыла деп өтүнгөн.

Жакияновдун мына ушул өтүнүчүнүн негизинде Юстиция жана Саламаттык сактоо министрлиги Жакияновдун ден соолугу жакшы, салмагына салмак кошуп, ирденип калды деген жыйынтык чыгарган. Бул чечим Жакияновдун кечирим суроого чейин кургак учук оорусуна байланыштуу түрмөдөн чыгуу аракетине бөгөт болгон чечим эле.

XS
SM
MD
LG