Мароккодо 4 адам өлүм жазасына тартылды. Алар май айында өлкөнүн Касабланка шаарында террордук акты жасашкан деп айыпталышты. Жалпысынан бул террордук актыга байланыштуу 87 киши кармалган. Алардын бир катары өмүр бою жана көп жылдык мөөнөткө абакка кесилди. Касабланкадагы террордук актыдан 12 террорчу менен бирге 45 адам каза тапкан. Кармалгандар «Салафист Жихад» аттуу диний уюмдун мүчөлөрү болгон деп шектөөдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.