Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:38

Ганси учагы керосинди абага төгүүгө аргасыз болгон


БИШКЕК. Ганси авиабазасына таандык май ташуучу учак 8-июлда Сокулук районунун үстүндө 4500 метр бийиктикте учуп баратып абага авиакеросин төгүүгө аргасыз болгон. Мындай маалыматты «Азаттыкка» шейшембиде Антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстанда жайгашкан «Ганси» аскери базасынын коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди. Анда белгиленгенге караганда, май куюучу учак тиешелүү учакка абада керосин куя албай калгандыктан, коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушундай ишке барган. Бирок, бул тууралуу экология жана өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматы жок. Ошондуктан, анын калкка зыяндуулугу кезинде аныкталган эмес. Ал эми транспорт жана байланыш министрлигинин авиация департаментинен алынган маалыматка караганда, тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча, авиакеросин айласыз шартта гана 7 миң метр бийиктиктен төгүлүшү керек болчу.

XS
SM
MD
LG