Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алынышы мүмкүн.


Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактагы эл аралык күчтөргө атайын мандат ыйгарган резолюция кабыл алышы мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу ал жума күнү Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро менен жолугушуу учурунда айтып, Бириккен улуттардын Иракка өз аскерлерин жиберүүгө мүмкүнчүлүгү жок, бирок жаңы документте БУУнун ролу кеңейтилиши керек деп белгиледи.

- Менимче, Бириккен улуттарга мүчө көпчүлүк өлкөлөр Ирактагы эл аралык күчтөрдү бекемдеп, алардын коопсуздук, саясий жана экономикалык багыттагы операцияларындагы Улуттар уюмунун ролун кеңейтүүнү каалашат, - деди Аннан.

Бейшембиде ал АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен ушул маселелердин тегерегинде маектешкен. Пауэлл анда Вашингтон Ирактагы коопсуздукту бекемдөө иштерине көбүрөөк өлкөлөрдү тартууга кызыкдар экенин, балким Ирак боюнча жаңы резолюциядагы БУУнун ролу башка мамлекеттерди канааттандыраар деген үмүтүн билдирген. Франция, Орусия, Германия, Индия жана Пакистан коалициялык күчтөр Бириккен улуттардын жетекчилиги алдына өтмөйүнчө, өз аскерлерин Иракка жөнөтүүдөн баш тартышкан. Иракта бейшемби күнү дагы бир америкалык аскер окко учуп өлдү.

XS
SM
MD
LG