Болгариянын Пловдив шаарынын байыркы имараттарын оңдоо иштерине ЮНЕСКО уюму бир миллион доллар бөлдү. Ал тууралуу келишимге кечээ күнү кечинде Пловдивде Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси менен ЮНЕСКОнун баш деректири Койчиро Мацуура кол койду жана салтанатка премьер-министр да катышты. Болгариянын аймагында ЮНЕСКО тарабынан корголгон жети аймак бар.