Тони Блэрдин басма сөз боюнча башкы кеңешчиси Алистер Кэмпбелл бул тууралуу жума күнү билдирди. Британ премьерине жакын адамдардын бири эсептелген Кэмпбеллдин кызматынан кетишине Тони Блэрдин командасы менен "Би-би-си" корпорациясынын ортосундагы Ирактагы согуштун алдында жарыяланган расмий докладдын тегерегиндеги жаңжал себеп болду. Жакында бул иш боюнча сот алдында көрсөтмө берген Алистер Кэмпбелл британ өкмөтүнүн Саддамдын курал-жарагы жөнүндөгү докладындагы айрым күмөндүү маалыматтар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуудан баш тарткан, бирок Лондондогу маалымдоо каражаттары анын бул сөздөрүн ишенбөөчүлүк менен кабыл алышкан.
Британиянын өкмөт башчысынын басма сөз боюнча башкы кеңешчиси кызматынан кетип жатканын жарыялады.
