Мындан бир апта мурда Багдад шаарындагы Бириккен Улуттардын кеңсеси жарылып, уюмдун Ирак боюнча атайын өкүлү Сержо Виейра ди Мелло жана дагы жыйырмадан ашык адам курман болгон. Анын алдында ошол эле Багдад шаарындагы Йорданиянын элчилигинде да жарылуу болуп, онго жакын адам мерт кеткен.
29-августта болсо Ирактын түштүгүндө жайгашкан ыйык Нажаф шаарындагы Имам Алинин мечитинин алдында жардыруу уюштурулуп, ал 120дан ашык кишинин өмүрүн алып кетти. Курман болгондордун арасында ирактык шийилердин руханий жетекчиси болгон аятолла Мухаммед Бакир ал-Хаким да бар. Нажаф шаары мусулман дүйнөсүндө Мекке менен Мединадан кийинки үчүнчү ыйык шаар, шийилер үчүн болсо ал эң ыйык жер жана жума күнү Хаким мечитте миңдеген адам менен кошо намаз окуган.
26 миллион калкы бар Ирактын мусулмандарынын 60 пайызы шийилер, бирок алар президент Саддам Хусейндин учурунда катуу куугунтукталып келген. Хаким өзү кошуна Иранга качууга аргасыз болгон жана 23 жыл бою сүргүндө жашап, Иракка үстүбүздөгү жылдын апрелинде кайтып келген. Залим бийлик учурунда тирүү калган аятолла Иракты америкалык администрация башкарып, өлкөдө демократия кура баштаганда өлтүрүлгөнү - өлкөдөгү абалды америкалык башкаруучулук канчалык көзөмөлдөйт деген суроо туудурууда. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Имам Алинин мечити жанында эч кандай күзөт болгон эмес.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө азырынча эч ким ала элек, бирок Лондон шаарындагы Араб-Иран изилдөө борборунун деректири Али Реза Нуризаденин пикиринде, аны же мурдагы режимдин калдыктары, же ирандык радикалдар уюштурган:
"Жарылуу алыстан башкарылган жана жарылуучу зат бир машинеге абдан тыкан катылып, ал - Хаким өтө турган жерге өтө жакын коюлган. Мунун баары - кол салуу абдан жакшы пландалганын көрсөтөт жана андай ишти - мынчалык татаал аспаптарды табууга мүмкүнчүлүгү калган Саддам Хусейндин мурдагы режиминин калдыктары, же Хакимдин акыркы аракеттери жакпаган кошуна Ирандын жетекчилиги жасашы мүмкүн.
Ирандан Иракка кайтып келгенде, Хаким америкалык жетекчиликти катуу сынга алып, өлкөдөгү бийлик ирактыктардын өзүнө берилиш керек деп келген, бирок акыркы мезгилде пикирин бир кыйла жумшартып, дин бийликтен ажыратылууга тийиш деп калган. Ошондуктан ал акыркы айларда саясатка көп кийлигишпей, диний иштерге гана аралашып калган, бирок анын иниси Азиз Хаким - америкалыктар тарабынан түзүлгөн жана Башкаруучу кеңеш деп аталган убактылуу өкмөткө мүчө болуп кирген.
Бакир Хаким 1939-жылы Нажаф шаарында туулган жана анын атасы Мосен Хаким дагы улуу аятолла болгон. 1960-жылдарда дагы бир аятолла Саид Бакр ал-Садр Иракта Исламдык кыймыл түзгөндө, Хаким ага кошулган. Аятолла Садр 1980-жылы Саддамдын буйругу менен өлтүрүлгөн жана Хаким кошуна Иранга качканда, Саддам анын 16 тууганын өлтүрткөн. Иранда жүргөн кезинде Хаким - ирактык шийилерди бириктирген жана "Иракта исламдык революция даярдоо үчүн жогорку кеңеш" деп аталган уюмду түзүп, Саддамга каршы күрөшүп келген.
Хаким Иракка кайтып келгенден кийин, бирок, жаш шийилердин жетекчиси Моктада ал-Садр ага каршы чыккан жана кээ бир эксперттердин пикиринде, Хакимдин өлтүрүлүшү - шийилер арасындагы чатактын жыйынтыгы да болушу мүмкүн. Өткөн аптада Хакимдин агасы Саид Хакимдин үйүнүн жанында да жардыруу болуп, ал жарат алган.