Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Ооганстанда кагылышуу уланууда


Ооганстандын Забул провинциясында алты күндөн бери кагылышуу жүрүп жатат. Бул чөлкөмдөгү миңдин тегерегиндеги талип жоокерлерине каршы АКШнын жана Ооган өкмөтүнүн аскерлери күрөшүүдө. Америкалык аскердик аба күчтөр талиптердин позицияларын бомбалоодо. Маалыматка караганда, кагылышуулар Забул провинциясынын борбору Калат шаарынан 70 чакырым түндүктө жүрүүдө. Ооганстандагы АКШ аскеринин басма сөз кызматынын өкүлү Родней Дэвистин айтымында, кечээ күнкү кагылышуудан эки америка аскери жаракат алып, 30 талип өкүлү өлтүрүлдү. Ал эми Ооганстандын Пактика провинциясындагы бүгүнкү кагылышуудан үч америкалык аскер жаракат алып, төрт ооган согушкери өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG