ОШ. Бул анын Ошко биринчи келиши. Адегенде элчи мырза Оштогу кыргыз-өзбек университетине ат тизгинин бурду. Түрдүү улуттар окуган, кыйла бөлүгүн өзбектер түзгөн бул жогорку окуу жайынын жабдылышы, окуу программаларынын түзүлүшү, Өзбекстан менен карын-катнашы элчини кыйла кызыктырды. Стивен Янг университеттин проректору Арстан Кулназаров жетектеген академиялык ачыктык борборунун мүчөсү болгон студенттер менен аңгемелешти. Элчи алардын долбоору боюнча АКШдан 5000 доллар көлөмүндөгү грант бөлүнүп жаткандыгын сүйүнчүлөдү. С. Янг андан кийин Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин кабыл алуусунда болуп, аны менен ЮСАИДдин Ош облусунда иштетилип жаткан долбоорлорунун натыйжалуулугу тууралуу сүйлөштү. АКШнын элчиси эми иш сапарын Жалалабадда улантат.